Россия Кыргызстан үчүн маркалоо тутумун иштеп чыгып каржылайт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТовардын штрих-кодун окуу. Архив
Товардын штрих-кодун окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркалоо системасы рыноктун ачыктыгынын жогорулашына, салык жыйымынын көбөйүшүн шарттап, товар жүгүртүүнүн чыныгы көлөмү белгилүү болот.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россия өз эсебинен Кыргызстан үчүн санариптик платформа боюнча товарларды маркалоону иштеп чыгат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын соода жана өнөр жай министри Денис Мантуров президент Владимир Путиндин өкмөт менен өткөргөн жыйынында билдирген.

Кремлдин сайтында айтылгандай, Мантуров долбоор Россияда 12 товардык позицияны камтый турганын белгилеген. Бул рыноктун ачыктыгынын жогорулашына, салык жыйымынын көбөйүшүнө алып келип, товар жүгүртүүнүн чыныгы көлөмү белгилүү болуп калат.

ЕЭК сүт азыктарын маркалоонун артыкчылыктарын айтып берди

Мантуровдун айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында товарларды маркалоонун бирдиктүү схемасын түзүү өзгөчө маанилүү. Өткөн жылы ЕАЭБде тийиштүү келишим күчүнө кирген. Анда Бажы союзунда жалпысынан беш топту: бут кийим, сүрөт, парфюмерия, дөңгөлөктөр жана жеңил өнөр жай товарларын маркалоо боюнча чечим кабыл алынган.

"Армения, Беларусь жана Казакстан учурда биздин эксперттик колдоо менен өздөрүнүн байкоо жүргүзүү тутумун иштеп чыгууда. Кыргызстанга биз өзүбүз санарип платформасын түзөбүз, буга каражат Россиянын бюджетинен бөлүнөт", — деген министр.

Жыйында РФтин премьер-министри Михаил Мишустин маркалоо боюнча иштелип чыккан бардык мыкты тажрыйбаларды интеграциялык биримдиктеги өнөктөштөр менен ачык-айкын бөлүшкөнүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0