Улуттук банк коронавирустан улам банктарга 1 млрд сом насыя берет

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун жайылышынан улам экономикага кедергисин тийгизген жагдайларды жөнгө салуу максатында насыя берилүүдө.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктарга кредиттик ресурстарды сунуштоо менен аукцион өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.

Банк жарнагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттарды кызыл чеке кылган мыйзам: банктарды салыктан бошотуу сунушталууда
Маалыматта COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикага кедергисин тийгизген жагдайларды жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында насыя берилип жатканы айтылат.

Мындан улам Улуттук банк 25-июнда өкмөттүн "Ишкердик субъектилерди каржылоо" программасы боюнча коммерциялык банктар үчүн бир миллиард сомдук аукцион өткөрөт.

Кредиттик аукционду өткөрүү параметрлери жана шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 22-июнундагы отурумунда аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0