Бишкекте аткезчилик менен алып келинген бензинди сатуу эмнеге токтобойт? Жооп

© AFP 2023 / TANG CHHIN SOTHYУнаага бензин куюп жаткан адам. Архив
Унаага бензин куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын чет-жакасында бензинди күйүүчү май саткан атайын жайларда эмес, ар кайсы жерлерде желим идиштерге куюп саткан учурлар кездешет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Аткезчилик менен алып келинген күйүүчү майды Бишкек шаарынын тегерек-четинде сатууга эмнеге бөгөт коюлбайт. Бул суроо менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматтын төрагасынын (Финпол) орун басары Сагынбек Абдылдаевге кайрылды.

Аткаминер бүгүн парламентке "Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү" боюнча мыйзам долбоору тууралуу суроолорго жооп берүүгө келген.

"Биз күн сайын күйүүчү майды мыйзамсыз соодалагандар боюнча фактыларды аныктап жатабыз. Бирок товарды алуу жана кандай чара көрүү чечимин сот кабыл алат. Бул боюнча айып пулду жогорулатуу боюнча сунуш кылганбыз. Анткени аларга айып салынат, бирок эртеси күнү эле башка жакка туруп сата беришет", — деди Абдылдаев.

Депутат ошондой эле алардан тартып алынган күйүүчү майдын андан аркы тагдырына кызыкты. Финансы полициясынын орун басарынын айтымында, товарды сот аткаруучулар соттун чечими менен сатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0