Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби?

© Sputnik / Антон ДенисовМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мунай өндүрбөйт, экспорттобойт, бирок "кара алтынды" өндүрүүчүлөр менен тыгыз байланышта. Көмүрсуутектер рыногу алдастап турат. Мунайдын төмөн баасы КР экономикасына жана сомдун кунуна кандай таасир этерин Sputnik Кыргызстандын бул материалынан окуңуздар.

Бир күн мурун мунайдын WTI үлгүсүнүн май айындагы наркы таптакыр түшүп кетти. Мурда 40 долларга чейин арзандап, кайра көтөрүлүп турган. Бул көрүнүш сомдун курсу жана Кыргызстандын экономикасына кандай чагыларына кызыгып көрдүк.

Мунайдын үлгүлөрү боюнча азыноолак кеп

Мунайдын үлгүлөрү арбын, бирок биз азыр алардын айрымдарынан гана кеп козгойлу.

Brent (Brent Crude Oil) — мунайдын эң белгилүү маркердик сорту, Түндүк деңиздеги кендин урматына ушундай аталган. Эң башта ошол кенден алынган.

Ушул тапта бир региондогу төрт бөлөк кенден алынган сорттордун аралашмасы болуп саналат, алар Норвегия жана Шотландиянын жээктеринде жайгашкан. Brent үлгүсүнүн наркы Европа менен Азиядагы мунайдын сортторунун баасына таасир этет.

Деятельность Нацбанка КР - Sputnik Кыргызстан
Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы боюнча Улуттук банк комментарий берди
WTI (West Texas Intermediate, Light Sweet Crude Oil деп да аталып жүрөт) — мунайдын өзгөчө маанидеги үлгүлөрүнүн экинчи сабында. Ал АКШнын Техас штатында өндүрүлөт. Сыпаттамасы боюнча WTI дагы Brent үлгүсүнө окшош, ошондой эле жеңил жана аз күкүрттүү катары бөлүнөт.

WTI баасын белгилөөнүн негизи катары АКШ жана Батыш жарым шарындагы мунайдын башка сортторунун наркы каралат.

Urals — бул жеңил сибирь (Siberian Light) жана Урал менен Поволжьенин оор мунайынын аралашмасы. Адатта Brent үлгүсүнөн алда канча арзан сатылат. Эске салсак, Россияда "кара алтындын" экспорттук бир нече сорт бар, бирок Urals — эң кеңири экспорттолгондорунан.

Эмнеге мунай баасы түшүүдө?

Коронавирустун жайылышы мунай баасына болгон суроо-талапты кескин азайтты, анткени көптөгөн мамлекеттер чек араларын жапты, ал эми компаниялар ишин убактылуу токтотконун жазып чыкты РИА Новости агенттиги.

Баанын төмөндөшүнө март айында ОПЕК+ катышуучуларынын жаңы мунаса боюнча тил табыша албай калышы да себеп болгон. Алар жаңы келишимди апрелдин ортосунда гана түзө алышты, бирок бул дагы бааны турукташтыра албады.

ОПЕК жана Эл аралык энергетикалык агенттик рынокто мунайдын ашкере көптүгүнөн улам быйыл сырьёго болгон суроо-талап да кескин түшүшүн болжоодо.

WTI үлгүсү кандай күнгө кабылды?

Нью-Йорк фондалык биржада трейдер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
Минустук баа аптанын шейшембиси — май айындагы келишимдер боюнча мунайдын аталган маркасын сатуунун соңку күнү болгону менен түшүндүрүлөт. Анан калса сырьёну сактай турган жер жок, суроо-талап кескин түштү, ал эми мунай сактагычтар дээрлик толуп калды. Бирок минустук баа бир учурда катталып, кайра мунай кымбаттап турган.

Саат 16.00гө карата коюлган бааларга ылайык, WTI баррелинин баасы 16,5-17 долларды, ал эми Brent — 21,5 тегерегинде болгон. Булардын баары июнь айына карата келишимдер эле. Кечээ кечинде алар 3-4 долларга кымбатыраак турду.

Urals канча турат жана Кыргызстанга анын тиешеси кандай?

Өткөн түнү россиялык экспорттук Urals мунайы баррелине минус 2 долларга дейре түштү. Россиялык маалымат каражаттары жазгандай, Бишкек убактысы боюнча саат 15:13кө карата баа 8,5 долларды түзгөн. Мунайдын баасы рублдин курсуна таасир этерин унуткарбоо зарыл, ал эми РФ валютасынын абалы кыргыз сомуна кыйыр түрдө чагылат.

Марттын башында, мунай баасы ылдыйлаган соң рубль арзандаган, КР Улуттук банкы Кыргызстан менен Россиянын улуттук валюталарынын курстарынын ортосунда түз жана тыгыз байланыш жоктугун белгилеген.

"Ошентсе да негизги экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары Россия биздин өлкөнүн экономикасына өз ара соода жана акча которуулар аркылуу таасир этет", — деп билдирген Улуттук банк.

Эске салсак, эртеси күнү эле доллар үч сомго көтөрүлүп, 73 сомго чейин чыккан, андан кийин 85 сомго көтөрүлүп кеткен.

Сомдун куну не болот?

Каржылык тармактагы серепчи Илимбек Абдиев мунай наркынын ылдыйлашы экспорттоочу өлкөлөргө түздөн-түз таасир этерин айтып, ал эми бул мурдагыдай көлөмдө валюталык пайда менен бекемделбеген улуттук валютанын арзандашына алып келерин түшүндүрөт. Анын пикиринде, Кыргызстанда доллардын өтө жогорулап кетиши арсар.

© Sputnik / Асель АкматалиеваКаржылык тармактагы серепчи Илимбек Абдиев
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби? - Sputnik Кыргызстан
Каржылык тармактагы серепчи Илимбек Абдиев
"Сомдун куну инвесторлорго карата багыт менен мүнөздөлөт, ал өйдө-ылдый болушун гана жымсалдап турбаса, рубль менен түздөн-түз дал келиши сейрек. Сомдун нарксызданышы тышкы карызды кайра баалап чыгууга, импорттун кымбатташына алып келип, тышкы карыздар боюнча эсептерде татаалдык сымал кесепеттери болушу ыктымал", — деп белгилейт Абдиев.

Кыргызстандын экспортунун көлөмү импорттон алда канча аз болгондугунан улам курсту экспорттоочулар үчүн гана төмөндөтүү негизсиз деп эсептейт ал.

"Альянс" акча алмаштыруучу бюролор биримдигинин төрагасынын орун басары Думан Рыскулов сомдун кунуна россиялык валютанын жагдайы таасир этерин тактады. Бирок бүгүнкү күндөгү реалдуулуктарда урунттуу учур бар.

"Өтө жогорулабайт, анткени долларга болгон суроо-талап пандемияга чейинки кездегидей анчалык көп эмес, товар айлантуу да кыйла өзгөрдү. Негизи азыр ички валюта алмашуу жүрүүдө", — дейт Рыскулов.

Сомдун куну жана рублдин курсу кандай?

Бүгүн таңда доллардын сатып алуудагы курсу 79,14 сомду, ал эми сатыкта — 79,83 сомду түздү.

Саат 14:00гө карата доллардын курсу төмөнкүчө болгон:

  • сатуу — 80 сомдон 80,1 сомго чейин;
  • сатып алууда — 80,6 сомдон 80,8 сомго чейин.

Москва биржасындагы доллардын курсу тууралуу маалыматтар (Бишкек убактысы боюнча 13:54):

  • бүгүнкүгө — 76,73 рубль;
  • эртеңкиге — 76,75.

Мурдагы күнкү акыркы келишимге салыштырмалуу доллар 1,45-2,54 рублге арзандаган.

Ишкерлер эмне дешет?

Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстандын экономикасы россиялык жана Казакстандыкы менен тыгыз байланышканын эске салат. Биринчи кезекте алар мунайдын баасынан көз каранды.

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби? - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
"Мынчалык масштабда мунай рынокторундагы баанын өйдө-ылдый болушу алардын экономикасына, андан соң соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде бизге да чагылат. Ошондуктан валюта курсу жана башка алмашуулар иш активдүүлүгүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу. Биздин негизги өнөктөштөр канчалык аз акча табышса, биз да ошончолук аз алабыз", — деп түшүндүрөт Сыдыков.

Анын айтымында, мунай баасынын ылдыйлашы Кыргызстанга да пайдасыз. Буга байланыштуу Сыдыковго: "Карантиндин айынан КРдин Казакстан жана Россия менен болгон соода-сатык көлөмү кичирейген. Мунай баасынын түшүшү Кыргызстандын экономикасына анчалык таасир этпейт деп билсек болобу?" деген собол салдык. Эл аралык ишкердик кеңештин өкүлү пандемияга байланыштуу кырдаалдан улам сомдун куну төмөндөшү мүмкүн экенин белгилеген.

Рабочая встреча членов ВЕЭС по борьбе с коронавирусной инфекцией - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери видеожыйында эмне маселелерди чечти
"Башка жагынан биз Россия жана Казакстандан биз көп товар алабыз, ал эми азык-түлүктү керектөө бир топ деңгээлде азайбайт. Эң зарыл товарлардын бир бөлүгүн валюта менен алып келебиз. Андан улам бул товарлар кымбаттайт,— дейт серепчи.

Айтмакчы, жакында эле МВФ коронавирус пандемиясынын айынан дүйнөлүк экономика эч болуп көрбөгөндөй каатчылыкка кабыларын жана 170 өлкөдө ИДП төмөндөй турганын болжолдоодо. Кыргызстандын экономикасынын көйгөйлөрүн жакында эле ишкерлер айтып беришкен.

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандайбы?

Бензин жана дизелдин басымдуу бөлүгүн КР Россиядан сатып алат. Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Канат Эшатов мунай баасы тез алмашкандыктан, бул күйүүчү-майлоочу майга кандай чагыларын жоромолдоп болбойт.

© SputnikМунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Канат Эшатов
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби? - Sputnik Кыргызстан
Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Канат Эшатов

"Майга карата россиялык өндүрүшчүлөр өткөргөн бааны кийинчерээк билебиз. Азыр айтыш эрте", — дейт ал. Бирок Кыргызстандагы чекене баага өткөрүлгөн баа дагы таасир этет.

"Туруктуу кырдаалда күйүүчү майдын наркынын түзүлүшүндө өткөргөн баа 20 пайыздан ашпайт. Калганынын баары — салыктар, жеткирүү, сактоо жана сатуу чыгымдары", — деп түшүндүрөт Эшатов.

Жаңылыктар түрмөгү
0