18:27 02 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1704)
163 0 0

Түшкөн каражатка байкоо салуу үчүн ачылган сайтта ким кайсы күнү, канча сумма жөнөткөнү ачык жазылган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн элден жыйналган акчанын суммасы 4-апрелге карата 96,9 миллион сомго жетти. Бул туурасында Республикалык штабдын help.covid.kg сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин эсепке түшүп жаткан каражаттардын эсебин онлайн көрүп туруу үчүн атайын сайт ачылган. Мында ким кайсы күнү, канча сумма жөнөткөнү да ачык жазылат.

Аны карап коронавирус менен күрөшүүгө жардам иретинде жөнөкөй жарандардан тарта жеке компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелерге чейин акча жөнөтүп жатканын билүүгө болот. Айрым мекемелердин кызматкерлери маянасынын кайсы бир бөлүгүн которгон. Ошондой эле миллиондоп жардам берип жаткан фонддор, компаниялар дагы бар.

Кээ бирлери 300 сом жөнөтүп, аз болсо да салым кошуу ниетин билдирген.

Чогулган каражаттар тууралуу Республикалык штабдын сайтынан кененирээк тааныша аласыз.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги атайын эсеп ачкан.

Эсептин номери: 4402011000101373

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1704)

Тема боюнча

COVID-19: элден чогулган акчаны кимдер бөлүштүрө турганы белгилүү болду
Азия өнүктүрүү банкы КРге 200 миң долларлык медицина каражаттарын алып берет
Белгилер:
эл, эсеп, кол чогултуу, акча, Кыргызстан, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ