Доллар өскөндүгүнө байланыштуу импорттук азыктар кымбаттайбы? Адистин жообу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКиши супермаркете сыр тандап жаткан убакыыта. Архив
Киши супермаркете сыр тандап жаткан убакыыта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечке жуук доллар кескин жогорулап, ушул тапта 85 сомдон сатылууда. Кыргызстан азык-түлүктүн айрымдарын доллар менен сырттан алып келери маалым.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жакынкы арада импорттук азык-түлүктөргө баалар көтөрүлбөйт, бирок убакыттын өтүшү менен жогорулатканга туура келет. Бул тууралуу Камсыздоочулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева билдирди.

Ал аталган ассоциация азыктарды импорттоо жана биринчи керектелүүчү товарларды ташуу менен алектенерин айтты.

Ускенбаеванын айтымында, бүгүн кечинде ассоциация мүчөлөрүнүн жыйыны болуп, доллардын кескин өсүшү тууралуу кеп кылышкан.

"Бардыгы бааларды мурдагыдай кармап турууга аракет көрүлөрүн айтышты. Курс көтөрүлсө эле бааларды карап чыгат деген түшүнүк болбошу керек. Жыйында марттын аягына чейин же апрель ичи баалар мурдагыдай эле кармалып турары айтылды", — деди Ускенбаева.

Анткен менен ассоциация жетекчиси баалар баары бир өсө турганын белгиледи.

"Албетте, мурунку бааны жыл этегине чейин эч ким кармай албайт. Эгер курс дагы өсүп же ушул эле деңгээлде калса, баалар эртеби-кечпи жогорулайт", — деди ал.

Белгилей кетсек, өкмөт буга чейин Кыргызстандагы бир катар азык-түлүктүн баасын жөнгө салган. Тизме менен шилтемеден таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0