Доллардын абалы кандай? 16-мартка карата алтын, күйүүчү май жана валюта баасы

© AFP 2023 / MOHAMMED HUWAISДолларларды санап жаткан киши
Долларларды санап жаткан киши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өткөн жуманын акыркы күндөрүнө салыштырмалуу валюта рыногундагы абал анчалык өзгөргөн жок.

Доллар жалпысынан мурдагы эле баасында кармалып турат. Акча алмаштыруу жайларында сатып алуу 72.81 сом болсо, сатуу 73 сом. Евро бир аз арзандады — сатып алуу 80.18, сатуу 81.20 сом. Рубль сомго карата бир деңгээлде кармалып турат (сатып алуу 0.992, сатуу 1.018 сом).

Эркек киши менен аял медициналык маскачан - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус күн ысыганда жоголот деген божомол жокко чыгарылды
Күйүүчү майдын жана алтын куймаларынын баасы дагы мурдагы аптадагы абалында калды.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки маалыматына карата күн сайын коюп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0