Кыргызстандын Улуттук банкынын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан

Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун маалымат жыйыны. Тексттик трансляция

Жазылуу
Кечээ, 10-март күнү, борбор калаада доллардын баасы үч сомго жогорулады. Улуттук банк буга тышкы рыноктогу кырдаал себеп экендигин айтып, ошондой эле психологиялык факторлор жана жарандардын дүрбөлөңгө түшүүсү да таасир эткендигин билдирген.

Бүгүн, 11-мартта, доллар 72,9 - 73 сом болуп турат.

Маалымат жыйынына Кыргызстандын Улуттук банкынын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов катышып, валюта рыногундагы кырдаал тууралуу айтып берет.

9-мартта рублдин куну кескин түшүп кеткен. Буга акыркы кезде нефтиге болгон баанын түшүшү себеп болду. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпай, Brent жана WTI маркаларынын күйүүчү майларынын баасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн эле. Рубль сомдон арзан болуп жаткан, бирок бүгүн, 11-мартта, кайрадан бир сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Улуттук банк кечээ кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион доллар саткан.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:15 11.03.2020

"Бүгүн КРдин экономикасы өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча структуралык өзгөрүүлөр акырындан болуп жатат. Кытайдан келип жаткан товарлардын орду Түркия болобу, Европа болобу өзгөрүлүп, алмашылууда. Бул эми кыска мөөнөттүү таасир. Бирок эки-үч ай ичинде ордуна келип, ушундай акыбалда калат", — деди Абдыгулов.

11:59 11.03.2020

"Абдыгуловдун айтымына караганда, 10-мартта түшкө чейин банктар менен алмаштыруу жайларында валютаны кармап турушкан. Себеби, Казакстан менен Россияда сооданын ачылышын күтүшкөн.  Дефицит бар деген маалымат түшкөн, бирок бул чын эмес",  - деди Абдыгулов.

11:57 11.03.2020

"Аймактарда, облустарда баа кымбат болуп жатат деген маалымат айтышты. Бирок анын баары калыбына келет. Бишкекте доллар арзан болуп жатса, ал жактан кымбат сатып алуунун кереги жок", - деди Абдыгулов. 

11:56 11.03.2020

"Долларды сатып алуу боюнча эч кандай маселе жок.  Эгерде алмаштыруу жайлары сатпай жатса, банктардан каалаган суммада алууга болот", — деди Улуттук банктын жетекчиси.

11:50 11.03.2020

Улуттук банктын брифингин түз алып көрсөтүп жатабыз. Улуттук Банктын жетекчисинин берген жоопторун ушул жерден көрсөңүз болот. 

11:43 11.03.2020

"Биздин, Улуттук банктын резервинде 2,4 миллиард доллар бар. Ар кандай кыдаалга интервенция кылып, кескин өзгөрүүлөрдүн алдын алууга даярбыз", - деди Абдыгулов.

11:42 11.03.2020

"Доллар сатуу, алмаштыруу боюнча биздин автоматташкан система бар. Анда 24 банк бар. Алар долларды сатуу боюнча сунушту берет. Аны баары көрүп турат. Бул жерде кечээги абалга күнөөлүүнү издештин кереги жок",  - деди Абдыгулов. 

11:34 11.03.2020

УБ жетекчиси валюта рыногу калыбына келерин айтты.

"Брифинг алдында карасам, курс 73 сомду түздү. Бир аз артка кайтуу бар", — деди ал.

11:29 11.03.2020

"Кечээ абал биз ар кызык болду. Россиянын валюта рыногу менен 3 саат айырма бар да, биздегилер кээ бир операцияларды токтотуп койгон.  Азыр эч кандай маселе жок",  - деди Абдыгулов. 

11:29 11.03.2020

"Кечээ абдан чоң суроо-талап болду. Биз анын баарын жаптык, бул нак түрүндө да, нак эмес түрдө да жасалды. Интервенция рекоррдук түрдө болду. Бүгүн маселе жана валюта салып алам дегендерге чектөө жок",  - деди Абдыгулов.

11:24 11.03.2020

Абдыгулов Улуттук Банк шейшемби күнү  валюта рыногунда 53,7 миллион  долларлык интервенция жасалганын айтты.

11:23 11.03.2020

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун брифинги башталды.  Ал Кыргызстандын валюта рыногуна тышкы фактордун таасири туурасында айтып берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0