13:01 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
207 0 0

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргызстанга суммасы 27,5 миллион АКШ доллары болгон насыя жана 27,5 миллион АКШ долларына барабар грант бермекчи.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 55 миллион доллар сарптала турган долбоорду ишке ашыра турган документке кол койду.

"Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды.

"2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду", — деп айтылган маалыматта.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алган.

КРдин Финансы министрлиги белгиленген тартипте аталган ассоциацияга жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы" долбоору Түп — "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы автожолунун тилкесин (39 –76 чакырымдар), Каркыра капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду (15 чакырым) реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну карайт. Андан сырткары, Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатындагы дараметин жогорулатууну, Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.

"Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 миллион доллар өлчөмүндө каражат сарпталат. Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргызстанга суммасы 27,5 миллион АКШ доллары болгон насыя (каржылоонун шарттары: насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдик мезгили — 6 жыл, жылдык үстөгү — 0,75 пайыз), ошондой эле суммасы 27,5 миллион АКШ долларына барабар грант берүү аркылуу колдоо көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Бул долбоор боюнча кыргыз өкмөтүнүн кошо каржылоосу каралган эмес.

Тема боюнча

Депутаттардын тиешеси бар ишканалардын миллиондогон карызын кечүү сунушталды. Иликтөө
Белгилер:
долбоорлор, Сооронбай Жээнбеков, Финансы министрлиги, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ