Өкмөт мунай заттарды бензовоз менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүМай ташуучу унаа. Архив
Май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такталган маалыматтарга таянсак, бул жерде бак же канистралар менен 20 литрдик көлөмдө кирип жаткан  мунай зат боюнча маселе көтөрүлгөн жок.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына мунай жана мунай заттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мунай жана мунай заттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга, тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунай заттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизель отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1300-1400 миң тоннаны түзөт. Өлкө ичинде мунай заттарын өндүрүүдө оңдуу жылыштар болгону менен, Кыргызстан калкынын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80 пайызы Россиядан келет.

"Өкмөттүн токтому менен бекитилген жобого ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргызстанга чарбалык субъектилер тарабынан документтерде мунай заттар товардык позиция катары толтурулууда. Андан ары рынокто эң төмөнкү наркта, орточо алганда 15-20 пайыз арзан сатылып жатат. Муну менен эсепке алынбаган мунай продукцияларына акциздик салык төлөнбөйт", — деп айтылган маалыматта.

Проверка АЗС в Оше - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт 2020-жылдан тарта күйүүчү май куйган жайларды тыкыр көзөмөлдөйт
2018-жылы ыкчам топ тарабынан коңшу мамлекеттен күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 73 факты катталган. Жалпы көлөмү 146 530 литрди түзүп, болжолдуу суммасы 5 миллион сомго барабар болду.

2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунай зат өлкөгө ташылып келинген.

Экономика министри Санжар Мукамбетов бул жерде кеп бензин менен күйүүчү майды бензовоз менен ташып келгендер боюнча болуп жатканын айтты. Бул чара мунай затты темир жол транспорту менен ташып келүүгө шарт түзүүгө багытталган.

Такталган маалыматтарга таянсак, маселен, бак же канистралар менен 20 литрдик көлөмдө ташылып келип жаткан мунай зат боюнча маселе көтөрүлгөн жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0