07:02 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Буурчак. Архив

Кыргызстан башка өлкө рыногун кантип кызыктыра алат? Министрдин пикири

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)
102 0 0

ЕЭК өкүлүнүн айтымында, азыр Кыргызстан айыл чарба жана азык-түлүк тармагында атаандаштык жарата алат, бул багытта артыкчылыктары бар.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстан башка өлкөлөрдүн рыногун кантип кызыктыра аларын Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Вероника Никишина айтып берди. Ал "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөн маалымат жыйында сүйлөдү.

Анын айтымында, азыр Кыргызстан айыл чарба жана азык-түлүк тармагында атаандаштык жарата алат, бул багытта артыкчылыкка ээ.

"Мындай товарлар үчүн преференциалдык шарттарды алып жана сунуш кылабыз. Бул Кыргызстандын башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгышы үчүн жасалып жатат. Биз Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда кыргыз өндүрүшчүлөрүнөн сунуштарды алдык. Буурчак түрүндөгү азыктар, койдун эти жана башка товарлардын преференциалдык режимде болушу айтылган", — деди ал.

Никишина кыргызстандыктар кошумча бааны коюуда өзүнүн ордун таап алышы керектигин айтты.

"Кошумча наркты коюудагы алкак сындуу системаны түзүүдө кыйын делген фабрикалар бар. Алар Азия жанаТынч океан аймагындагы өлкөлөрдө, америкалык, европалык рынокто кездешет. Тилекке каршы, Кыргызстан жана жалпы эле биримдик мындай алкактын ичинде али жаңы, башталыш деңгээлинде турат", — деген Никишина.

Министр ЕАЭБге мүчө өлкөлөр негизинен кооперациялык программалар жаатында тыкыр иш алып барышы керектигин айтты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Тема:
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)

Тема боюнча

Ишкер инвестор издеп жатканда эмнеге басым жасоо керектигин эксперт айтып берди
Кыргызстандагы товарлардын эмнеге сапатсыз, кымбат экенин эксперт айтып берди
Белгилер:
экономика, Евразия жумалыгы, Евразиялык экономикалык биримдик, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ