Мамлекеттик ипотека 6% үстөк менен качан бериле турганы белгилүү болду

© Sputnik / Эмиль СадыровКурулуп жаткан турак үй. Архив
Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта мамлекеттик ипотеканын үстөгү 7-9 пайызды түзөт. Май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күзгө чейин үстөк пайыз азаярын убадалаган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. 1-ноябрдан тарта мамлекеттик ипотеканын үстөгүн 6 пайызга чейин төмөндөтүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканын үстөгү 7-9 пайызды түзөт. Бул төлөнгөн баштапкы суммага жараша берилген көрсөткүч (турак жай баасынын 10-30 пайызы). Май айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күзгө чейин үстөк пайыз азаярын убадалаган.

"Комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. 1-ноябрдан тарта үстөктү төмөндөтөбүз деген пландар бар. Эми ал төлөнгөн баштапкы суммага жараша 6-8 пайызды түзүп калат", — деди Үсөнакун уулу.

Эскерте кетсек, бул ипотека бюджеттик мекемеде иштегендерге гана берилет. Максималдуу сумма 3 миллион сомду түзөт, карыздан 15 жылда кутулуу кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0