Ысык-Көлдөгү жолду оңдоого кеткен чыгым 2 млрд. сомго өстү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРеконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
Реконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду оңдоо иштери бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Анын айынан Темир Сариев иштен кеткен.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол куруу иштери менен таанышты. Өкмөт башчы жол оңдолуп жаткан аймактарды карап чыгып, подрядчы компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевХод строительства объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатат - Sputnik Кыргызстан
1/5
Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатат
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ознакомился с ходом строительства объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол куруу иштери менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
2/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол куруу иштери менен таанышты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевХод строительства объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
Өкмөт башчы жол оңдолуп жаткан аймактарды карап чыгып, подрядчы компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты - Sputnik Кыргызстан
3/5
Өкмөт башчы жол оңдолуп жаткан аймактарды карап чыгып, подрядчы компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ознакомился с ходом строительства объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду.
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Балыкчыдагы айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди - Sputnik Кыргызстан
4/5
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Балыкчыдагы айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевХод строительства объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
Анын айтымында, трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Анын айтымында, трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес.
1/5
Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатат
2/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол куруу иштери менен таанышты
3/5
Өкмөт башчы жол оңдолуп жаткан аймактарды карап чыгып, подрядчы компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты
4/5
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Балыкчыдагы айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди
5/5
Анын айтымында, трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Балыкчыдагы айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес.

Бейшенов жолду реконструкциялоого сарптала турган каражаттын көлөмү 8 миллиард 785 миллион сомго (алгачкы планда 6 миллиард 803 миллион сом болчу) өскөнүн белгиледи. Абылгазиев долбоордо мындай кошумча чыгымдар болуп кетиши көрсөтүлбөгөнү менен курулуш иштерин бүткөрүү үчүн каражат табыларын кошумчалады.

"Аталган жолду реконструкциялоо иштери тийиштүү эсептөөлөр, долбоорлору жок эле, керек болсо каржылоо булактары каралбастан башталган. Мындай чечимдин кесепети өлкө бюджетине таасирин тийгизип жатат. Анткен менен өкмөт трассанын курулуш иштерин быйыл бүткөрүү үчүн каражат табат", — деди Абылгазиев.

Жол салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
2015-жылы Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендердин айланасында чуу чыккан. Аны иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Комиссиянын кээ бир мүчөлөрү Темир Сариевдин адамдары тендерге катышкан компаниялардын биринин кызыкчылыгын коргогон деп шектенишкен. Ушул себептен комиссия Жогорку Кеңешке өкмөткө ишенбестик көрсөтүү сунушун берген. Кийинчерээк премьер-министр Темир Сариев "саясий оюндарга" катышуу үчүн убактысы дагы, каалоосу дагы жок экенин билдирип, отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0