21:20 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Кыргызстана менен Казакстан чек арасында турган фуралар. Архивдик сүрөт

Жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан жеңил өтөт. Премьерлер сүйлөштү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
241 0 0

Казакстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келди.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыз жана казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин Казакстан аркылуу өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Facebook баракчасына жазды.

Мамин бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Анын алкагында өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп, бир катар документтерге кол коюлат. Казакстандын өкмөт башчысы президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугат.

"Абылгазиев менен Мамин биздин жүк ташуучулар үчүн Казакстан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге транзиттик жол менен өтүүдө өткөрүү режимин жеңилдетүү тууралуу сүйлөштү. Буга чейин ветеринардык тармакта иштешүү боюнча бардык маселелер чечилген", — деп жазды Султаналиев.

Тараптар тар чөйрөдө жолукту.

Тема боюнча

Гүл кучактап, боорсок көтөргөн кыздар. Казак премьерин тосуп алган видео
Көйгөйлүү маселенин баарын чечебиз. Абылгазиев казак премьери менен жолукту
Белгилер:
жүк ташуучулар, чек ара, Аскар Мамин, Мухаммедкалый Абылгазиев, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ