Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Эксперт: Кыргызстан ШКУнун саммитинде эң маанилүү маселени көтөрө алат

Жазылуу
Саясат таануучу Игорь Шестаков өлкө бийлиги инвестиция тартуу жана логистика маселелерин кароону сунуштай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жакында Бишкекте боло турчу Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кыргызстан үчүн кайсы маселелер артыкчылыктуу болорун саясат таануучу Игорь Шестаков айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде уюштурулган "Аймактагы коопсуздуктун негизги инструменти катары ШКУнун мааниси" аттуу тегерек столго катышты.

Шестаковдун айтымында, Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жаткандыктан Бишкектин бир катар маанилүү маселелерин чечип алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Албетте, Кыргызстан инвестиция тартуу жана логистикалык багыттарын белгилөө боюнча маселени көтөрөт. Мисалы, 1996-жылдан бери талкууланып келе жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол маселесин козгойт", — деди ал.

Тегерек столдун катышуучулары террорго каршы бирдиктүү глобалдык фронт түзүүнүн зарылдыгын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин, ЖККУнун, ЕАЭБдин кызматташуусундагы негизги багыттарды талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0