21:00 23 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Рейхстагтын фонундагы Кыргызстандын жана Германиянын желектери. Архивдик сүрөт

Германия Кыргызстанга 21 млн. евро бөлдү. Акча эмнеге сарпталат

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Президент Жээнбековдун Германияга болгон сапары (7)
216 0 0

Германия менен гранттын бөлүнүшүн шарттаган үч келишимге кол коюлду.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 21 миллион евро грант бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 15-16-апрель күндөрү Германия Федеративдүү Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Анын арасында гранттын бөлүнүшүн шарттаган үч макулдашуу бар.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, 13 миллион евро Ошто перинаталдык оорукананын курулушуна жумшалат. 6 миллионуна ушундай эле медициналык мекеме Таласка да салынмакчы. Дагы эки миллион евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканага көмөк катары берилет.

Жээнбековдун сапарынын жыйынтыгы тууралуу да окуп алыңыз.

Тема:
Президент Жээнбековдун Германияга болгон сапары (7)
Белгилер:
оорукана, Кыргызстан, Германия, акча, грант, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ