09:08 24 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Салык. Архивдик сүрөт

Свердлов районунун бюджетине салыктан ашыгы менен каражат түштү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
47 0 0

Свердлов райондук акимиатында райондун башчысы Мурат Осмоновдун жетектөөсү астында жыйын өткөрүлдү.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Салык кызматынын Свердлов райондук бөлүмү жыл башынан бери планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Свердлов райондук акимиатында райондун башчысы Мурат Осмоновдун жетектөөсү астында жыйын өткөрүлдү. Анда салыктан түшкөн каражаттар, Бишкектин 141 жылдыгына карата даярдык, Чернобыль атомдук станциясынын аймагындагы жарылуудан кийин калыбына келтирүү иштерине катышкандарга компенсация төлөө сыяктуу бир катар маселелер каралган.

"Жыйын учурунда Салык кызматынын райондук бөлүмү өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу көп каражат топтогону маалым болду. Өсүү темпи 113 пайызды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Райондун акими жыйын учурунда Салык бөлүмү жергиликтүү бюджетке пландан ашык каражат алып келгенин өзгөчө белгилеген.

Тема боюнча

Депутат бирден көп үйгө ээлик кылгандарга башка салык салууну сунуштады
Молдобаев: мүлк ээлери да салык декларациясын тапшырышы керек
Белгилер:
салык, аким, Свердлов району

ЭҢ МААНИЛҮҮ