05:52 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)
73 0 0

2018-жылы эки өлкөнүн байланышы бир кыйла жакшырган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышы жылдан-жылга кеңейип, өнүгүп жатат. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" улуттук компаниясынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тариф саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Дусумбаев билдирди.

Ал "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында уюштурулган "Транспорт-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Кыргызстан менен Россиянын агороөнөржай комплексин өнүктүрүү" деп аталган тегерек столдо сүйлөдү.

Дусумбаев өз сөзүндө 2018-жылы эки мамлекет ортосундагы жүк ташуу жана байланыштарды чыңдоо бир топ жакшырганын белгиледи.

"2018-жылы темир жол аркылуу ташылган жүктүн 30 пайызы Россияга туура келет. Башкача айтканда, бул 2,2 миллион тоннаны түзөт", — деди ал.

Дусумбаев ошондой эле Россиядан Кыргызстанга негизинен мунай заттары, курулуш материалдары жана минералдык заттар ташылып келерин кошумчалады.

Андан сырткары, Россиянын темир жол ишканасы менен Кыргызстандагы поезддерди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын белгиледи.

Тема:
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)

Тема боюнча

Владимир Путин бүгүн кыргыз-орус ЖОЖдорунун ректорлоруна кайрылды
Кыргызстан "Жер-Үй" кенинен канча каражат табарын инвестор айтып берди
Кыргызстандын 7 окуу жайы россиялык ЖОЖдор менен келишим түздү
Белгилер:
темир жол, жүк ташуучулар, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ