08:12 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)
90 0 0

Өлкөнүн вице-премьери глобалдык көйгөйлөргө карабастан, мамлекеттер арасындагы мамиле өнүгүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кириши туура чечим болгонун вице-премьер Замирбек Аскаров "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, глобалдык өзгөрүүлөр, согуш жана туруксуз баадан улам инвестиция азаюуда.

"Мындай шарттарга карабастан, кыргыз-орус мамилеси бекемделип жатат. Товар жүгүртүү өсүүдө, быйыл 2 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн", — деди вице-премьер.

Ал белгилегендей, мамлекеттер экономика жаатында гана эмес, коопсуздук жана башка бир канча тармак боюнча иш алып барууда. Кызматташтык 252 документти, келишимдерди жана башка документтерди регламенттейт.

Аскаров өлкө бир нече жыл мурда ЕАЭБге киргенин эске салды. Анын айтымында, Россия 500 миллион доллар бөлгөн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун (ОКӨФ) жардамы менен 31 миллион долларга бааланган 1600 долбоор ишке ашкан.

"Убакыт ЕАЭБге кирүү туура чечим экендигин көрсөттү. Биримдик көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Мындан улам стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө биринчи орундагы тапшырма бойдон калат жана бул мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгына толугу менен туура келет", — деген Аскаров.

 "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат.

Тема:
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)

Тема боюнча

Президент ЕАЭБдеги товарларды идентификациялоо боюнча макулдашууну жактырды
Өкмөт ЕАЭБ ичинде бут тоскондор боюнча маселе көтөрдү
Белгилер:
келишим, экономика, Замирбек Аскаров, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ