Кыргызстанда QIWI төлөө системасынын эсеби камакка алынды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүQIWI терминалы. Архив
QIWI терминалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим соттун өкүмү менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Объединенная система моментальных платежей" (ОСМП) ЖЧКсынын (QIWI бренди) банктагы эсеби камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Эсеп соттун чечими менен камакка алынган.

"Төлөө системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө кедерги тийип калуу коркунучунан улам ОСМП ЖЧКсынын милдетинин жогорулап кетишин алдын алуу жана кызмат көрсөткөн уюмдардын төлөмдөрүн учурунда камсыз кылуу үчүн кызмат төлөмдөрүн кабыл алуу 2019-жылдын 1-мартынан тарта убактылуу токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча "Объединенная система моментальных платежей" (ОСМП) ЖЧКсынын тең төрагалары - Эркин Аюпов менен Едиль Бейсенбеков, ал эми жетекчиси - Мелис Сатаров.

Ачык маалыматтар боюнча QIWI компаниясынын мурдагы жетекчиси Адилет Боотаев ишкананы казакстандык ишкерге саткан, бирок анда өзүнүн үлүшүн сактап калып, аны тууганына каттаткан. Боотаев ошондой эле жакында ызы-чуу болгон "Мобильник" ЖЧКсынын тең төрагасы.

"Мобильниктин" айланасындагы чуу

Мобильник тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк "Мобильниктин" лицензиясын токтотту
Быйыл январь айынын аягында "МобильникДеньги" электрондук капчыктын колдонуучулары төлөмдөрдү аткара албай калганын айтып чыгышкан. Бир нече ири ишканалар компания менен иштешүүнү токтоткон.

"Мобильник" компаниясынын негиздөөчүсү, мурдагы жетекчиси жана 49 пайыз акциясынын ээси Адилет Боотаевдин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, 2017-жылы сентябрда ишкананын контролдук пакетин казакстандык ишкерге саткан. Боотаев андан дивиденд албагандыктан сотко кайрылган. Ишти Финпол иликтейт. Ал ошондой эле жамааттын жарымынан көбү иштен кеткендиктен төлөө системасынын ишин тескей турчу киши калбай, анын айынан маселе жаралганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0