14:32 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR79.3952
  • RUB1.0462
АКШ доллары. Архив

Ноябрда Улуттук банк 54 млн. доллар сатты. Валюта резервинин абалы

© REUTERS / Andrew Kelly / File Photo
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

Күздүн акыркы айында АКШ валютасынын куну жогорулап, Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 54 миллион доллар саткан.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюта кору ноябрь ичинде 2,7 миллион долларга азая түшкөнү Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Күздүн акыркы айында өлкөнүн башкы банкы сомдун курсун турукташтыруу үчүн үч ирет валюта саткан. Жалпысынан 53 миллион 580 миң доллар сатыкка коюлду.

Октябрдын соңуна карата резерв 2 миллиард 108 миллион 750 миң доллар деп көрсөтүлсө, бир айдан кийин туура 2,7 миллионго кыскарган.

Кыргызстандын эл аралык валюта резерви валютанын он түрүнөн, СDR жана алтындан турат. Алар эл аралык төлөм жүргүзүүгө, төлөм балансынын дефицитин жабууга жана улуттук валютанын кунун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

Тема боюнча

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 24 млн. доллар бөлөт. Акча кайда жумшалат
Россия Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлдү. Акча эмнеге жумшалат
Белгилер:
курс, сом, валюта, доллар, Улуттук банк, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ