Түндүк — Түштүк жолунун ар бир чакырымы 1,6 млн. долларга курулууда

© Фото / Александр ФедоровКурулуп жаткан Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу. Архив
Курулуп жаткан Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым болуп, курулуш эл аралык донорлор тарабынан каржыланууда.

ЖАЛАЛ-АБАД, 28-июн. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун ар бир чакырымына бир миллион 617 миң доллар сарпталууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" институтунун инженери Кубанычбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, аталган жолду буга чейин салынган ири трассаларга салыштырууга болбойт.

"Ратификацияланган келишимге ылайык ар бир чакырым жол орточо эсеп менен бир миллион 617 миң долларга салынууда. Албетте, курулуштун ар бир фазасынын баасы жана аткарылып жаткан иштин көлөмү ар башка. Анткени төрт фазанын өзгөчөлөнгөн курулуштары бар. Мисалы, тоннель, эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. Андан сырткары, бул долбоордун баасын Кыргызстанда буга чейин салынган жолдорго салыштырууга мүмкүн эмес. Себеби мындай ири курулуш өлкөдө ишке аша элек", — деди Маманов.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Анын жалпы узундугу 433 чакырым болуп, эл аралык донорлор каржылоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0