Сооронбай Жээнбеков элди кантип байытуу керектигин айтты

Жазылуу
Улуттук банк эми кыска мөөнөттүү тапшырмалар менен чогуу эле узак мөөнөттүү өнүгүү саясатын да колго алышы керек.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук валюта — сомдун 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда Улуттук банкка элдин кирешесин көбөйтүүгө багытталган бир нече тапшырмаларды берди.

Өлкө башчынын айтымында, башкы банк эми кыска мөөнөттүү тапшырмалар менен чогуу эле узак мөөнөттүү өнүгүү саясатын да колго алышы керек. Банк тармагын өнүктүрүп, өлкө экономикасын алдыга жылдырууда анын ролу жогору болушу кажет. Андан сырткары, калкка берилген насыянын көлөмүн жогорулатып, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп, төлөө системаларын өнүктүрүү зарыл.

"Акча-насыя саясатында ЕАЭБге кошулуу жараянына байланыштуу өзгөргөн экономикалык абалды эске алуу керек. Ал тышкы таасирлерге туруктуу болууга багытталышы зарыл", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле экспорттук өнүдүрүштү көтөрүүгө багытталып, элдин киреше бөлүгүн жогорулатууну камсыздашы керектигин кошумчалады.

Жээнбеков өз сөзүндө аймактарда банк тармагын өнүктүрүп, ал өлкөнүн ар бир аймагында жеткиликтүү болушу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0