Көлдө суу чарба объектилерин куруу башталды. Долбоордун тушоосун президент кести

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка в Иссык-Кульскую область президента КР Сооронбая Жээнбекова
Рабочая поездка в Иссык-Кульскую область президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 40 миң киши жумуш менен камсыз болмокчу.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында "КРдин ирригация системасын реконструкциялоо" долбоорунун тушоосун кести. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган долбоорду ишке ашырууга алты суу чарба объектисин куруу үчүн Кытай бөлгөн 32 миллион долларлык грант пайдаланылат. Анын алкагында Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй облустарында объектилерди куруу жана реконструкциялоо иштери каралган.

"Алар эксплуатацияга киргизилгенден кийин 5410 гектар өздөштүрүлө элек жерге суу жеткирилип, 22 100 гектар жерди суу менен камсыздоо жакшырат. Долбоорду ишке ашыруу жалпысынан республика боюнча 40 миң айыл жашоочусун жумуш менен камсыздайт. Тизмеге Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо кирген. Натыйжада 516 гектар дың жер өздөштүрүлүп, 3565 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы наркы 500 миллион сомго жакын долбоорду 2021-жылга чейин бүтүрүү болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0