02:39 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Окуучулар

Россия Кыргызстанга 10 млн. доллар берет. Каражат кайда жумшалат?

© Фото / Elizabeth Zalkind
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
96 0 0

Россиянын кезектеги финансылык жардамы менен Кыргызстандагы 500дөн ашык мектептеги 175 миң окуучуга ысык тамак берилет

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат. КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт.

Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат.

Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.

  • Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат
    Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат
    © Фото / Elizabeth Zalkind
  • КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт
    КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы аракеттерин күчөтөт
    © Фото / Elizabeth Zalkind
  • Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат
    Ага ылайык, мектептеги тамак берүү программасы беш жылда дагы жакшырат
    © Фото / Elizabeth Zalkind
  • Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.
    Мындай аракеттер тууралуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын, Россиянын элчиси Андрей Крутьконун, БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын аймактык директору Андреа Баньолинин Новопокровкадагы №1 мектепке болгон сапары учурунда айтылды.
    © Фото / Elizabeth Zalkind
1 / 4
© Фото / Elizabeth Zalkind
Алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы мектептердин жарымынан көбүндө ысык тамак бериле баштайт. Мындай аракеттер Россиянын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамы менен ишке ашат

"Биздин өнөктөштөр — Россия менен БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы менен чогуу мектепте ысык тамак берүүнү жакшыртып, сезилерлик социалдык-экономикалык пайда көрүп жатабы. Аны биринчи кезекте балдар менен үй-бүлөлөр алып жатат", — деди Кудайбердиева.

2013-жылы КРдин Билим берүү министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы Россиянын 12 миллион доллар өлчөмүндөгү финансылык жардамы менен мектептеги тамак берүүнү жакшыртууну баштаган.

Учурда сынамак программанын алкагында өлкө аймагындагы 335 мектепте башталгыч класста окуган 114 миң окуучу ысык тамак ичет. Россиянын кезектеги финансылык жардамы менен алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы 500дөн ашык мектептеги 175 миң окуучуга ысык тамак берилет.

Россия — БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк тамак-аш программасынын ири донору. Программа Кыргызстанда иштеп баштагандан бери Россия 60 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Тема боюнча

Москва Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Себебин Россия ТИМи түшүндүрдү
Путин Кыргызстандын калган карызын кечүү боюнча документке кол койду
Белгилер:
окуучулар, тамак, мектеп, Билим берүү жана илим министрлиги, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ