Өзбекстандык делегация Чүй менен Оштогу компаниялардын ишин көрөт

Жазылуу
Өзбекстандан келген делегация Кыргызстанда эки күн жүрөрү айтылды

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанга 8-9-февралда Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген делегация келет. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан аркылуу товар ташып келүү арзандай баштады
Алгач 8-февралда алар КРдин экономика министри Артем Новиков менен жолугуп, андан соң эки тараптын ишкерлери катышкан жолугушуу болот.

Түштөн кийин өзбекстандык делегация Чүйдүн Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы бир катар ишканаларга барат.

Эртеси 9-февралда алар Ошко барып, бир топ фирма менен компаниялардын ишин көрүп, ишкерлер менен сүйлөшөт.

Кыргыз-өзбек мамилелери жанданып, мамлекет жана өкмөт башчыларынын эки өлкөгө расмий жана жумушчу сапарларынан кийин кызматташуу боюнча бир топ документтерге кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0