ЕАЭБ айдыңында талашка түшкөн Кыргызстандын 9 товары. Тизме

Жазылуу
Россия, Казакстан, Белоруссия жана Армениянын аймагында популярдуулукка ээ болгон кыргыз товарларынын арасында жаңгак, шире, желим түтүктөр жана аялдардын блузкасы бар.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде кыргыз товарлары 2017-жылдын январынан тарта октябрына чейин кандай сатылгандыгы тууралуу маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланды. Sputnik биримдиктин ичинде эң көп кызыгуу жараткан тогуз товарды сууруп чыкты. 

ЕАЭБдин аймагында Кыргызстандын кайсы товарлары жакшы сатылууда
ЕАЭБ айдыңында талашка түшкөн Кыргызстандын 9 товары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдин аймагында Кыргызстандын кайсы товарлары жакшы сатылууда

1. Жаңгактар. Мисте, жер жаңгак жана грек жаңгагынын экспортунун көлөмү дээрлик 10 эсеге өстү. Ноябрь айына чейин 288 тонна товар 345 миң долларга сатылды.

2. Желим түтүктөр. Булар 2016-жылга салыштырмалуу 9,5 эсеге көп сатылды. Казакстанга эки миң тоннага жакын түтүк 774 миң долларга бааланып жеткирилди.

3. Электр тогун башкаруу үчүн жабдуу. Мындай товардын экспортунун көлөмү 8,6 эсеге өстү. Балдыгы болуп 620 миң долларлык товар сатылды.

4. Клей. ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөр быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 6,2 көп клей сатып алышты. Мисалы Казакстан эле 190 миң долларлык клейге муктаж болушкан.

Кыргызстанда 100 киши жашаса турмуш кандай болмок - Sputnik Кыргызстан
Баарыбызга бир доктур. Кыргызстанда 100 киши жашаса турмуш кандай болмок
5. Желим идиш-аяк. 327 миң доллардык товарды негизинен казактандык ишкерлер алган. 2016-жылга салыштармашуу желим идиштер алты эсеге көп сатылды.

6. Аялдардын блузкасы. Made in KG бренди мене тигилген аялдардын блузкаларына россиялык жана казакстандык кыз-келиндер көп кызыгат. Былтыркы жылга салыштырмалуу 5,7 эсеге көп сатылган блузкалар жалпысынан 20 миллион долларга бааланды.

7. Ширелер. ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарылган ширелердин көлөмү 5,5 эсеге жогорулап, наркы 100 миң долларга жетти.

8. Килемдер. Булар дагы 5,5 эсеге көп суроо-талапка ээ болду. Жалпысынан 150 миң долларга бааланды.

9. Шарфтар. Кыргызстанда тигилен аксессуарлар үчүн бул жылы Россия менен Казакстандын жашоочулары 431 миң доллар сарпташты. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу беш эсеге жогору.

Жаңылыктар түрмөгү
0