БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Тажикстандын 2017-жылдын 29-ноябрындагы токтомуна ылайык, 15-декабрдан тарта өлкө аймагына кирген унаалардан экологиялык төлөмдөр алына баштады. Жеңил унаалардан 1 миң сом ал эми оор жүк ташуучу унаалар 2400 сом төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
Бул төлөм Баткен-Исфара каттамында айдоочу катары иштеген жергиликтүү жашоочуларга тоскоолдук жаратып, алар нааразычылык билдирип чыгышты. 15-декабрдан баштап Баткен —Исфара маршруттук каттамы да токтогон.
Айдоочулардын айтымында, экологиялык төлөм акысы айдоочулардын тапкан кирешесинен ашып кетип жатат.
"Биз маршруттук каттам менен күнүнө үч жолу Тажикстандын Исфара шаарына каттайбыз. Ар бир каттамга 2000 сомдон төлөшум керек. Ошондо мен бир кундө 6000 сом коротуп жатам. Тапкан кирешем алты миң сомго жетпейт", — деди айдоочу Таштан Эгембердиев.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахманов мындай көрүнүш бардык мамлекеттердин тажрыйбасында бардыгын жана мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин билдирди.
Кошумчалай кетсек, экологиялык төлөм мотоциклге — 62 самони (болжол менен 500 сом), жеңил унаага — 124 самони (болжол менен 1 миң сом), кичи автобустарга — 250 самони (болжол менен 2 миң сом), оор жүк ташуучу автоунааларга жана автобустарга — 300 самонини (болжол менен 2400 сом) түзөт.