Кыргызстан ЮНИДО алдындагы 307 миң евро карызын беш жылда төлөп бүтөт

Жазылуу
Төлөнө элек карызды кайтаруу боюнча келишимге быйылкы жылдын 14-июнунда кыргыз өкмөтү менен ЮНИДО кол коюп, аны парламент 2-ноябрда жактырган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча бириккен улуттар уюмунун (ЮНИДО) алдындагы карыздан кутулууну жөнгө салчу мыйзамга кол койгондугун өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Төлөнө элек карызды кайтаруу боюнча келишимге быйылкы жылдын 14-июнунда кыргыз өкмөтү менен ЮНИДО кол коюп, аны парламент 2-ноябрда жактырган.

"Келишимде беш жыл ичиндеги төлөм графиги көрсөтүлгөн. Карызды кайтарууга кете турган каражат жыл сайын бюджетте каралат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө ЮНИДО алдындагы карыз 307 миң 754 еврону түзөт.

График боюнча 2017-жылдагы төлөнүүчү сумма 33 миң 286 еврого (анын ичинен 31 миң 240 евро – карыз, 2 046 евро — мүчөлүк төлөм) жеткен. Ал эми Каржы министрлиги 31 миң 286 евро которгон.

Мыйзам жарыялангандан 10 күн өтүп күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0