12:31 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Премьер-министр Сапар Исаков Кумтөр кенинде. Архивдик сүрот

Исаков: "Кумтөр" боюнча популисттик чечим кабыл алгым келбей жатат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
139 0 0

Өкмөт башчы Кыргызстан канадалык компаниянын 100 пайыз акциясын алышы керекпи деген суроого өз жообун берди

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Кумтөр" маселеси боюнча популисттик чечимдерди кабыл алгысы келбей жатканын журналисттерге билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстан алтын кендин 100 пайызын өзүнө ала лат, бирок ал үчүн Centerra Gold Inc. менен болгон келишимди жокко чыгарууга туура келет. 

"Бирок биз келечек тууралуу ойлошубуз керек. "Кумтөр" сегиз жылдан кийин жабылат, ал эми канадалык компания өнүгүп жатат. Мен эң алгач биздин коомчулук тууралуу ойлонуп жатам. Популисттик чечимдерди кабыл алгым келген жок", — деди Исаков. 

Буга чейин өкмөт менен Centerra Gold Inc. экологиялык абалды жакшыртуу боюнча келишимге кол койгон. 

Ага ылайык, жаратылышты сактоого  багытталган иш-чараларды өткөрүүгө бөлүнө турган каражаттын көлөмү көбөйтүлгөн. Тагыраагы, өнүктүрүү фондусуна бир жолу 50 миллион доллар салынат. Мындан сырткары, жылда төлөнчү экологиялык төлөм 310 миңден 3 миллион долларга өсөт. 

 "Кумтөрдү" улутташтыруу маселеси Кыргызстанда бир канча жолу көтөрүлгөн. Кыргызстан "Кыргызалтын" ишканасынын атынан Centerra Gold Inc. компаниясынын 26,6 пайыз акциясына ээлик кылат. "Кумтөрдөн" алтын 1996-жылдан тарта  казыла баштаган.

Тема боюнча

Премьер Исаков өзбекстандык кесиптеши менен телефондон кызматташууну талкуулады
Премьерликке 100 күн. Чөк түшкөн, жылмайган, ойлонгон Сапар Исаков сүрөттө
Белгилер:
премьер-министр, Кумтөр, Сапар Исаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ