Карызы 200 млн. сомду чапчыйт. Бишкектеги бересе ишканалардын рейтинги

© REUTERS / Toru Hanai / File PhotoАКШ долларлары тартылган плакат. Архив
АКШ долларлары тартылган плакат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги эми карызы көп ишканалардын тизмесин жарыялап турат

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Карызкор ири ишканалар менен ишкерлер бюджетке 200 миллион сомдон ашык бересе. Sputnik Кыргызстан агенттиги алар ким экенин тизмектеп көрдү.

Салыкчылардын маалыматына ылайык, "Бишкекмашинакуруу заводу" ААКы мамлекетке 66 миллион 174 миң сом карыз. Салык кызматынын сайтында аны мурдагы вице-мэр Олег Попиков башкарары маалымдалат.

Флаг Кыргызстана и России - Sputnik Кыргызстан
Россиянын өкмөтү Кыргызстандын карызын кечүү келишимин жактырды
Ишкананын расмий баракчасындагы кабарларга ылайык, иш өз ырааты менен жүрүп жатат. Эл аралык өндүрүш коомчулугу заводдун ишин баалап, эч нерсеге карабай өнүгүү жолуна түшкөнү үчүн "Бирмингем Факели" сыйлыгын тапшырган. Ошондой эле экономикага кошкон салымы жана атаандаштыкка туруктуу болгон продукция чыгарганы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алган.

"Бишкекштамп заводу" мамлекеттик ишканасынын карызы 60 миллион сомго жеткен. Салык кызматынын маалыматына ылайык, ишкананы Б.Турдубеков башкарат.

"Өзгүн иншаат таахют ве тижарет" ишканасынын бересеси 43 миллион 183 миң сомду түзгөн. Ал "Вефа" соода борборунун башкы директору Хулус Айвердиге таандык.

"Ак кеме" мейманканасынын карызы 25 миллион сомду чапчыган. Анын ишмердиги буга чейин да бир топ сот иштерине себеп болгон. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин мейманкананы өкмөт менчиктештирип, "Мүлк" деген ишкана алган. Бирок карыз азыркыга чейин төлөнө элек.

Белек уулу А. аттуу жаранга таандык "Техноткань" ЖЧКсы мамлекетке 5 миллион 580 миң сом карыз. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча ишкана эркек жана аялдардын кийимдерин тигет.

Жаңылыктар түрмөгү
0