14:31 16 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR79.0658
  • RUB1.0485
Супермаркеттеги кардар. Архив

Казак эксперти: Кыргызстандан товар келбей калгандыктан Казакстанда баалар өстү

© Sputnik / Максим Богодвид
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)
717 0 0

Казакстан базарларында Кыргызстандан барган товарлардын ордун Россия жана Белорусиядан келген азык-түлүктөр ээледи

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан товар алып кирүү жаатында жаралган көйгөйлөрдөн улам Казакстанда азык-түлүктүн баасы 10 пайызга өсүп кетти. Бул тууралуу Казакстандын президентинин алдындагы "Қоғамдық келісім" уюмунун этностор аралык мамилелер боюнча анализ жана мониторинг кызматынын жетекчиси Таисия Мармонтова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн видео көпүрө маалында билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын базарларында Кыргызстандан товардар барбай калгандан кийин Россия жана Белорусиядан азык-түлүктөр пайда болду.

"Жыйынтыгында баалар 5-10 пайызга өсүп кетти. Бизге Минскиден алып келгенден көрө Бишкектен ташыган арзан түшмөк", — деди ал.

Мармонтова мындай кымбаттоо казакстандыктардын капчыгына зыян келтирип жатканын кошумчалады.

Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)

Тема боюнча

Кыргызстан 100 млн. доллардан баш тартканын Казакстанга расмий кабарлады
Жээнбеков Минскидеги саммитте Назарбаев менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө
Белгилер:
товар, кымбаттоо, Казакстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ