БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москвадагы "Фуд сити" агрокластеринде 1-декабрдан 15-январга чейин кыргызстандык фермерлер менен өндүрүшчүлөрдүн товарлары көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынан билдиришти.
Аталган палатадан белгилешкендей, 2015-жылы Россиянын борборунда "Кыргызстан" павильону ачылган. Анда бир нече ата мекендик компаниялар өздөрүнүн продукцияларын көрсөтүп келишет.
"Жарманкенин негизги максаты — товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо көлөмүн жогорулатуу болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара Евразия экономикалык комиссиянын колдоосу менен ишке ашууда. Жарманкеде кыргыз ашканасынын тамактары дагы көрсөтүлөт.