Улуттук банк 8 күндүн ичинде 31,5 млн. доллар сатты

© Sputnik / Табылды КадырбековАКШ долларлары жана 5000 сомдук купюралар. Архив
АКШ долларлары жана 5000 сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрдын аягында доллар өсүп, акча алмаштыруу жайларында америкалык валютанын баасы 70 сомду түздү

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Улуттук банк шаршемби күнү валюта рыногуна 3 миллион 100 миң доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.

Доллардын Улуттук банк койгон расмий баасы 24-октябрда 1,3 сомго өсүп, 69,74 чегинде кармалып турат. Ал эми акча алмаштыруу жайларында валютанын баасы 70 сомго жетти.

8-ноябрдан бери Улуттук банк беш ирет интервенция жасады. Бул убакыт аралыгында банк 31 миллион 550 миң доллар саткан.

Улуттук банк өткөн жылы 192 миллионго жакын доллар сатып алып, 150 миллион долларды саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0