БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү Улуттук банк 3 миллион 650 миң доллар сатты. Бул туурасында аталган мекеменин сайтына жарыяланды.
Эскерте кетсек, 24-октябрдан бери башкы банктагы доллардын курсу 1,3 сомго кымбаттап, ушу тапта 69 сом 74 тыйынды түздү. Акча алмаштыруучу жайларда 70 сомдук чекке жакындап келе жатат.
Бул улуттук банктын долларды 8-ноябрдан бери төртүнчү ирет сатыкка чыгарышы. Ал аралыкта 28 миллион 450 миң доллар сатылган.
Өлкөнүн башкы банкы интервенцияларды ар кыл себептен жүргүзүп келет, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу да бар. Былтыр банк 192 миллион доллар сатып алса, 150 миллионго чукулун саткан.