ЕАЭБ менен Кытайдын соода, экономика келишими боюнча сүйлөшүүсү соңуна чыкты

© AP Photo / Andy WongФлаг Китая
Флаг Китая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-сатыктын жанданышына жаңы дем бере турчу келишим боюнча сүйлөшүүлөр бир жылга чейин созулган

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) менен Кытайдын соода министрлиги соода-экономикалык жаатта кызматташуу келишиминин сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.

Москвада Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин бардык тармактар боюнча кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө туурасында макулдашты - Sputnik Кыргызстан
Министр Новиков россиялык кесиптешин келерки жылдагы жыйынга чакырды
Кытай тараптан аталган документке Кытайдын соода министри Жун Шань, ал эми ЕАЭБден ЕЭКтин соода боюнча коллегиясынын мүчөсү, сүйлөшүү делегациясынын жетекчиси Вероника Никишина кол койду.

Маалымат кызматтын билдиришинче, ЕАЭБ менен Кытай эң кыска убакыт ичинде келишимдин текстине юридикалык-техникалык түзөтүүлөрдү киргизип, андан кийин кол коюу үчүн мамлекет ичиндеги керектүү процедуралар аткарыла баштайт.

"ЕАЭБ менен Кытайдын соода-экономикалык жаатта кызматташуу боюнча келишими бул кызыкдар тараптар үчүн тарыхый окуя. Бул аракеттер Евразиялык экономикалык биримдик менен Кытайдан ортосунда эффективдүү жана узак мөөнөттүү кызматташуунун алгачкы кадамдары", — деди Никишина.

Тараптар сүйлөшүүлөр жарык маанайда өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн баса белгилешти.

ЕАЭБ биримдикке кирбеген мамлекеттер менен мамилесин жолго салып келет. Буга Вьетнам менен экрин соода аймагын түзүү боюнча кол коюлган келишим мисал боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0