Атамбаев: Кыргызстан мындан ары керек болсо башка мамлекеттин жарыгын өчүрө алат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө президенти Кыргызстанда акыркы жылдары электр энергиясы тармагында бир топ жылыштар болгонун баса белгиледи

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эми Кыргызстан керек болсо бир катар мамлекеттерди жарыксыз калтыра алат. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦтин оңдоодон кийин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчысы Кыргызстанда акыркы жылдары электр энергиясы тармагында бир топ жылыштар болгонун баса белгиледи. Андан сырткары, мындан бир нече жыл мурда өлкөнүн бир облусу толугу менен жарыгы жок калып келген. Президент ошондой эле анын маалымат жыйындарынын биринде жарык өчүп калганын айтты.

"Бир нече жыл мурун биз электр энергияны Өзбекстандан алып, аны өчүрүп салбаса экен деп коркуп келгенбиз. Бул мамлекеттин жетекчилерин биздин мурдагы президенттер эркелетип келген. Эми биз тизелебейбиз. Эгер керек болсо айрым мамлекеттерди Жаңы жыл түнү жарыксыз калтыра алабыз. Мен эмне тууралуу айтып жатканымды энергетиктер жакшы түшүнөт", — деди президент.

Атамбаев башка мамлекеттин башчыларынын колдоосу менен абалды жөнгө салууга мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0