Билим берүү министрлиги 30 млн. сомго компьютер сатып алат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Восточного экономического форума
Подготовка к открытию Восточного экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-августта жарыяланган тендердин мөөнөтү 14-сентябрда аяктайт

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелерине 1034 компьютер сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, министрлик компьютер үчүн 29 миллион 992 миң сом сарптоого даяр.

Тендер 24-августта жарыяланып, мөөнөтү 14-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0