Токтогул суу сактагычы алты жылдан бери биринчи жолу 100 пайызга толду

Жазылуу
Кыргызстан электр энергиясын экспорттой баштады

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 миллиард куб метрди түзүп, максималдык көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан кабарлашты.

Токтогул суу сактагычы өлкөдөгү электр энергиянын 40 пайызын иштеп чыгарат.

"Суунун кириши менен кошо гидротурбина аркылуу суу сарпталып жатат. Бул нормалдуу штаттык көрүнүш. 19,5 миллиард куб метр суу 2003, 2010, 2011-жылдары күз-кыш мезгилинде топтолгон", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл 1,5 куб метр нормадан ашык суу топтолду. Буга байланыштуу электр энергиясы Өзбекстанга экспорттоло баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0