Эң бай араб Кыргызстан тууралуу оюн айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБириккен Араб Эмираттарында эң бай адам катары эсептелген Мишаль Кану "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2017" IX эл аралык экономикалык саммитинде
Бириккен Араб Эмираттарында эң бай адам катары эсептелген Мишаль Кану Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2017 IX эл аралык экономикалык саммитинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мишаль Кану журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, анын жооптору жагымсыз болорун эскертти.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмираттарында эң бай адам катары эсептелген Мишаль Кану "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2017" IX эл аралык экономикалык саммитинде Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттери жөнүндө пикири менен бөлүштү.

"Аталган региондон Казакстан менен гана иштешсе болчудай. Ал эми Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө бизнес жасоо үчүн тоскоолдуктар оголе көп экен", — деди Кану.

Ал бул мамлекеттердин ордуна инвестицияга бардык шарттар түзүлгөн башка өлкөлөр бар экенин белгилеп өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0