Россия элчиси: Кыргызстанга келген каражаттар уурдалган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андрей Крутьконун архивдик сүрөтү
Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андрей Крутьконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Крутько БУУ институттарынын Кыргызстанда уюшкандык менен иштөөсү дүйнө жүзүнө үлгү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Эл аралык донорлор бөлгөн каражаттар Кыргызстанда максаттуу колдонулуп жатканын Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андрей Крутько "Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча комплекстик программа" иш-чарасынын алкагында билдирди.

"БУУ институттарынын Кыргызстанда уюшкандык менен иштеши дүйнө жүзүнө үлгү боло алат. Бул донорлордун Кыргызстанга келген каражат уурдалбай, максаттуу колдонулуп жатканына ишенеринен кабар берет", — деди дипломат.

Учурда Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Мисалы Россия ПРООН менен биргеликте Нарын облусундагы 84 ишкананын ачылышын каржылады. Ошондой эле ирригациялык системалардын курулушунун натыйжасында 25 миң адам таза суу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0