БИШКЕК, 22-фев. – Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы азык-түлүк сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Cатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Чек ара кызматы ун, күрүч, консерва, эт жана кургатылган жемиштер сыяктуу бир катар азыктардын түрлөрүн алуу үчүн 26 миллион 701 миң 400 сом сарптоого даяр.
Тендер 20-февралда жарыяланып, мөөнөтү 14-мартта аяктайт.