Улуттук банк: жыл ичинде алтындын запасы 880 млн. сомго өстү

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Йорк биржасынын маалыматы боюнча алтындын бир унциясы жыл ичинде 85,5 долларга жогорулап, 1 151 долларды түздү.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Былтыркы жыл ичинде Улуттук банктын алтын запасынын наркы 879,4 миллион сомго жогорулады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Национальная монета Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
КР экономикалык эркиндик рейтинги боюнча Россия менен Өзбекстанды артта калтырды
Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашуун өлкөнүн валютасынан жана алтындан турат. Резерв эл аралык эсеп-кысап жана төлөмдөр, төлөм балансынын таңкыстыгын жоюу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

2015-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу жыл башынан бери алтындын запасы 10 миллиард 932,2 миллион сомдон 11 миллиард 809,9 миллион сомго чейин жетип, бир жыл ичинде запас 879,4 миллион сомго өскөн.

Нью-Йорк биржасынын маалыматы боюнча алтындын бир унциясы жыл ичинде 85,5 долларга жогорулап, 1 151 долларды түздү. Бирок буга карабастан америкалык валюта сомго салыштырмалуу 6,7 сомго арзандап, 69,23 сом чегинде бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0