22:23 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Доллар жана сом валюталары. Архивдик сүрөт

Улуттук банк доллардын курсун түшүрүү аракетин көрүп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
100 0 0

Жыл башынан бери доллар күн сайын көтөрүлүп отуруп, 12-январь күнү долларды сатып алуу 69,45 сом болсо, 69,7 сомдон сатылып жатат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өлкөнүн башкы банкы бейшемби күнү валюта базарына чыгып, 5 миллион 800 миң доллар сатканы мекеменин сайтында маалымдалат. 

Жыл башынан бери доллар күн сайын көтөрүлүп отуруп, 12-январь күнү долларды сатып алуу 69,45 сом болсо, 69,7 сомдон сатылып жатат.

Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен экинчи ирет доллар сатып жатат. Буга чейин 10-январда базарга 11 миллион 850 миң доллар алып чыккан.

Эскерте кетсек, интервенциялар ар кандай себеп менен жасалат, мында негизинен валюта курсун турукташтыруу максатталган. Былтыр Улуттук банк 192 миллион доллар сатып алса, 150 миллионго чукул доллар саткан.

Тема боюнча

Улуттук банк быйыл биринчи жолу доллар сатты
Ноябрда Кыргызстандын валюта резерви 26 млн. долларга кыскарды
Белгилер:
курс, доллар, валюта

ЭҢ МААНИЛҮҮ