03:52 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Интернет кабель. Архив

КР интернетти Казакстандан башка дагы 3 мамлекеттен алуу жолдорун карап жатат

© AFP / JOHANNES EISELE
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)
15520

Казакстандан тартылган интернеттин баасы боюнча ызы-чуудан кийин КР бийлиги эми анын башка жолдорун караштырып баштаган.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет өлкөгө интернет тартуунун альтернативалуу жолдорун издеп жатат. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. 

Белгилей кетсек, Казакстандан тартылган интернеттин баасы боюнча ызы-чуудан кийин КР бийлиги эми анын башка жолдорун караштырып баштаган. 

Буга байланыштуу Мамлекеттик байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Россия, Казакстан, Азербайжан жана Кытай тарап менен жолугушууларды өткөрдү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Азербайжан интернет кызматын "Азеркосмос" компаниясынын спутниги аркылуу жеткирүүнү сунуштады. Өлкөнүн Байланыш жана жогорку технологиялар боюнча министри Рамин Гулузаде бул багытта кызматташууга даяр экендигин билдирди. 

Кытай аркылуу интернет тартуу сүйлөшүлүп, тестирлөө да жүргүзүлгөн. 24-ноябрда үч мамлекеттин кызматташуусу тууралуу документтерге кол коюлган (Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан). Учурда кыргыз-кытай компаниялары интернеттин баасын бычуу маселесин карап жатат. Бул процесске мамлекеттик органдар таасир эте албай турганы белгиленген. 

Москва интернетти "Ростелеком" аркылуу жеткирүүнү талкууга койсо Астанадагы Казактелеком, Транстелеком, KazTransCom жана TNS-Plus байланыш компанияларынын жетекчилери Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин айтышкан. 

Белгилей кетсек, интернет кызматын алуу боюнча альтернативалык жолдорун издөө премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Кыргызстан Интернетти кайдан жана кантип ала тургандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыз>>

Тема:
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)

Тема боюнча

Кыргызстан интернетти Кытайдан алуу жолун караштырып жатат
Интернеттин кымбатташы боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзмөй болду
Белгилер:
интернет, Азербайжан, Астана, Москва