Салык төлөөнүн ыкмалары жеңилдетилди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТерминал. Архив
Терминал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми жарандар жер салыгын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк салыктарын банк аркылуу төлөй алышат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Салык кызматы салыктарды "РСК банкынын" банкоматтары жана терминалдары аркылуу төлөөнү киргизгенин аталган кызмат билдирди.

"Эми жарандар жер салыгын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк салыктарын, анын ичинде автоунаа салыгын, ошондой эле патенттин негизинде төлөнүүчү салыктарды, "РСК банкынын" Алай кард, Visa, MasterCard төлөм карталарын колдонуу менен банктын банкоматтары жана терминалдары аркылуу төлөй алышат", — деп жазылат маалыматта.

Октябрь району боюнча башкармалыгындагы Бирдиктүү терезегелер - Sputnik Кыргызстан
Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн "Бирдиктүү терезелер" көбөйтүлүүдө
Банкоматтар жана терминалдар аркылуу салыктарды төлөө үчүн болгону салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИСН), мүлк объектисин же ишмердигин каттаган ордун (каттоо), автотранспорт каражатынын номерин жана төлөнүүчү салыктын суммасын билүү жетиштүү. Салык төлөнгөндөн кийин колдонуучуга чек чыгарылып берилет, аны сактап коюу зарыл (чек убакыт өткөн сайын саргарып кеткендиктен, анын көчүрмөсүн сактоо керек).

Төлөм карталары аркылуу салык төлөө кызматы ыңгайлуу жана жөнөкөй жол-жобо болуп саналат, анткени аны каалаган убакта кассага келип кезек күтүп отурбастан, болгону бир нече мүнөттүн ичинде ишке ашырууга болот. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын салык кызматы Эсептешүүнүн накталай эмес формасына өтүү боюнча мамлекеттик программага ылайык өлкөдө салык төлөмдөрүн POS терминалдары, банкоматтар, интернет-банкинг, мобилдик банкинг аркылуу төлөөнү этап-этабы менен жайылтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0