Кыргыз-белорус соода-экономикалык кызматташуусун эксперттер талкуулайт

Жазылуу
Жыйында "Автомаш-Радиатор" ишканасынын базасында белоруссиялык айыл чарба техникасын куроо өнөр жайын түзүү багытындагы кызматташуу маселеси ортого салынмакчы.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бүгүн соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-белорус өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтө турганын Экономика министрлиги билдирди.

КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: форум жүрүшүндө Кыргызстан да бир катар сунуштарды айтат
Анда эки өлкөнүн эксперттери өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, билим берүү жана илим, туризм, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, аймактардын кызматташуусу сыяктуу маселелерди карашат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын лифт чарбасын модернизациялоо боюнча "Могилевлифтмаш" ишканасы менен кызматташуу маселеси каралат. "Автомаш-Радиатор" ишканасынын базасында белоруссиялык айыл чарба техникасын куроо өнөр жайын түзүү багытындагы кызматташуу маселеси ортого салынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0