Накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу Бишкекте жолго коюлуп жатат

© flickr.com / frankieleonБанк карталары. Архив
Банк карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рos-терминалдар коммерциялык банктар тарабынан акысыз ижара шарттары менен берилет. Башкача айтканда, соода-тейлөө түйүндөрү терминалдарды сатып алуу үчүн чыгым болушпайт.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча Координациялык штаб түздү. Бул тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын сайтына жарыяланды.

Буга чейин өкмөттүн "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому кабыл алган. Ал ишкерлер менен юридикалык жактарды накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн жабдыктарды орнотууга милдеттендирген. 

"Координациялык штаб дүкөндөр, дарыканалар, ири соода борборлор, коомдук тамактануучу жайлар ж.б. тейлөө борборлорунда төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн pos-терминалдарды камсыздоо, орнотуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Рos-терминалдар коммерциялык банктар тарабынан акысыз ижара шарттары менен берилет. Башкача айтканда, соода-тейлөө түйүндөрү терминалдарды сатып алуу үчүн чыгым болушпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0