Бирдиктүү декларацияны салык төлөөчүлөрдүн үчтөн бири гана тапшырды

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык декларациясын толтуруу. Архив
Салык декларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынарын белгилейт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 9-мартка карата 116 миңден ашык салык төлөөчү киреше боюнча Бирдиктүү декларацияны тапшырганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Декларация тапшыруу өнөктүгү 2016-жылдын 1-январында башталган. Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-мартында юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктады.

Салык декларациясын толтуруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы: жеке жактар 1-апрелге чейин декларация тапшыруусу керек
Салык төлөгөндөрдүн ичинен 35 миң 431и — юридикалык жактар, 45 миң 343ү — жеке ишкерлер, 30 миң 87си — жеке жактар жана 5 миң 450сү — мамлекеттик кызматкерлер. Жеке жактар1-апрелге чейин 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

2015-жылдын жыйынтыгы менен Бирдиктүү салык декларациясын 366 миң 279 салык төлөөчү тапшырган. Бул 2014-жылкыга караганда 22 миңге көп көрсөткүч. Бүгүнкү күнгө карата салык төлөөчүлөрдүн 31,75 пайызы декларация тапшырды.

Салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынарын белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0