Улуттук банк 7 айдан бери биринчи жолу доллар сатып алды

Жазылуу
Акыркы жолу башкы финансылык мекеме америка валютасын былтыркы жылдын июнь айында сатып алган. Ошондон бери 41 ирет доллар сатып келген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Улуттук банк өткөн жылдын 23-июлунан бери биринчи жолу базарга доллар сатып алуу үчүн чыкты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга тикелей инвестициянын келүү агымы өстү
Былтыр акыркы ирет 3,2 миллион доллар сатып алып, андан кийин 41 жолу чет элдик валютаны саткан. Быйылкы январь айынын дээрлик ар бир күнүндө банк тарабынан интервенциялар жасалып келген.

Кечээ Улуттук банк тогуз миллион доллар сатып алды. Интервенция ар кандай себептер менен, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу үчүн жасалат.

Улуттук банктын маалыматы боюнча жыл башынан бери доллардын курсу 2,85 сомго төмөндөп, 73 сомду түзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0